Бүгүн, 24-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети "Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, учурда мектептерде акчаны ыктыярдуу-мажбурлап чогултуу практикасы иштөөдө. "Бирок мунун төмөнкүдөй терс жактары бар: коммерциялык эмес уюмдар келип түшкөн жана чыгымдалып жаткан каражаттар жөнүндө кенен отчёт беришпейт, акча каражаттары мажбурлоо менен чогултулат, ата-энелери акча төгүмдөрүн төлөбөгөн окуучулар мугалимдер жана мектептин директорлору тарабынан моралдык кысымга дуушарланат",- деди Бекешев.
Аталган кемчиликтерди жоюуга багытталган бул мыйзам долбоору парламенттин пленардык жыйынында каралмакчы.