Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон советтик жоокерлерге тургузулган эстеликке гүл коюшту. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Дуйсдорф шаарында өткөн иш-чараны Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Орусиянын Бонн шаарындагы Башкы консулдугу уюштурганы айтылды. "Эскерүүгө Казакстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, Дуйсдорф шаардык администрациясынын жетекчилери жана ардагерлер да катышты",- деп билдирет министрлик.