Кыргыз элин арзан дарылар менен камсыздоо демилгесин парламент комитети жактырды

Бүгүн, 24-февралда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Кыргызстанды арзан генерикалык дарылоо каражаттары менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катына ылайык, Кыргыз Республикасында дарылоо каражаттарынын баасы эң эле маанилүү негизги себептеринин бири. Дарылоо каражаттарына бааны аныктоодо кыргыз жеринде иштеп жаткан ченемдик-укуктук база, ошону менен бирге интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо режими олуттуу роль ойной турганы айтылды. Айрым дарылоо каражаттарынын түрлөрүнө баанын кымбаттыгы дарыларга калктын жетүү мүмкүндүгүн керектүү деңгээлде камсыз кыла албаган кырдаалдын пайда болушунан "Патент жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдоонун зарылдыгы келип чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан