Ибрагим Жунусов Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 23-февралда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Масут Озжан менен жолугушту. Бул тууралуу 24-февралда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин, билим берүү жана илим жаатындагы мамилелерди активдештирүүнү талкуулашты. М.Озжандын Кыргызстанга иш сапары менен келери тууралуу сүйлөшүү жүргөнү айтылды. Иш сапарда кыргыз-түрк Тышкы иштер министрликтеринин Дипломатиялык академияларынын кызматташуусу тууралуу меморандумга кол коюлмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан