Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2014-жылы өлкөдө 7 миңдей жаранга мыйзамсыз түрдө паспорт берилгенин жакында жарыялаган. УКМК паспорттор Социалдык фонддун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу адамдары тарабынан берилгенин, жаңы паспорт алган 500дөй адам текшерилип, анын ичинде 2 жаран кылмыш кылганы үчүн издөөдө жүргөнү белгилүү болгонун билдирген. Бүгүн, 24-февралда Мамлекеттик каттоо кызматы буга жооп кайтарды.
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти: "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" КРнын мыйзамынын 60-беренесине ылайык, 16 жашка толгон ар бир жаран аты-жөнүн өзгөртүүгө укуктуу. Бул жарандын жеке иши жана Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, аталган мыйзамга ылайык, мындан (жарандын аты-жөнүн өзгөртүүдөн) баш тарта албайт",- деп билдирет.
Маалыматка таянсак, былтыр өлкөдө 47 263 жаран аты-жөнүнө өзгөртүү киргизди. Мунун айрымдары жеке идентификациялык номурларын да өзгөрткөн.
"Жогоруда белгиленген мыйзамдын 5-беренесине ылайык, милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздоо максатында жеке номурду Социалдык фонд каттайт. Ошол эле мыйзамдын 7-беренесине ылайык, 6-берененин 2,3,4,6-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар (аты-жөнү, туулган күнү, паспорттук маалыматы: серия, берилген күнү, номуру) өзгөргөн учурда Социалдык фонддун аймактык органы жаңы социалдык коргоо күбөлүгүн берет.
Натыйжада жаңы жеке номур менен социалдык коргоо күбөлүгүн берүү Социалдык фонддун органдарынын гана компетенциясына кирет",- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик каттоо кызматы жарандар аты-жөнүн өзгөрткөн учурда кайрадан социалдык коргоо күбөлүгүн бербөө боюнча өкмөткө кат жолдогондугун билдирди.