Алмазбек Атамбаев менен Темир Жумакадыров Коргоо кеңешинин жыйынында каралчу маселелерди талкуулашты

Бүгүн, 24-февралда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун иши тууралуу маалымат берилди.

Темир Жумакадыров өлкөнүн коргоо саясатын жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы милдеттерди ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин пландары жөнүндө айтып берди.

Тараптар 2015-жылы өлкөнүн Коргоо кеңешинин жыйынында карала турган маселелерди да талкуулашканын билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан