"Табигыйбы же кайра жаңыртылуучубу, айтор, энергетикалык ресурстар Жер шарында бирдей эмес жана саясий чек араларсыз жайгашкан. Кыргызстан ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өлкө КМШ чөлкөмүндө 3-орунда экендигине карабастан, казылып алынчу отундун кору аз. Суунун төмөнкү нугунда жайгашкан коңшу өлкөлөрдө абал тескерисинче. Биз газдын 40 пайызын Өзбекстан менен Казакстандан импорттойбуз",- дейт Акназарова.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагына 180 миллион доллар керек экенин билдирген депутат буларды кошумчалады:
"Энергетикалык муктаждыкты канааттандыруу жаатында жалаң мунай менен газ энергиясын колдонуунун келечеги жок. Экологиялык абалды турукташтырууда гидроэнергетиканын жардамы менен алына турган энергиянын келечеги кенен".