Бүгүн, 24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулап жатат.
Аталган шайлоолордун убактысын 1 саатка узартуу же 20:00гө чейин кылуу демилгесин депутаттар жактырышты. Мындан тышкары комитет мүчөлөрү шайлоодо маркировкалоо процедурасын алып коюу сунушун колдошту. Муну алар "биометрикалык маалыматтардын базасы түзүлгөндүктөн, манжага белги коюунун зарылчылыгы жок болот" деп түшүндүрүштү.
Айта кетсек, быйыл күзүндө парламенттик шайлоо, 2017-жылы президенттик шайлоо өтмөкчү.