Бүгүн, 24-февралда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү сунушун талкуулап жатат.
Отурумда депутат Улукбек Кочкоров: "2011-жылкы президенттик шайлоодо Баткенде 150гө чукул жаран өздөрүн тизмеден таба алган эмес. Көрсө, аларды башка шайлоо аймагынын тизмесине киргизип коюшуптур. Келерки шайлоодо мындай учурлар болбойбу?"- деп сурады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикованын айтымында, жарандын бир гана шайлоо аймагында добуш бериши шарт. "Биометрикалык маалыматтардын чогултулушу бир нече аймактан добуш берүүгө же "карусель" ыкмасынын орун алышына жол бербейт",- деп билдирди Шаикова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Туйгунаалы Абдраимов Баткенде 150 жарандын бир шайлоо аймагынын тизмесинен алынып, башкага өткөрүлгөндү тууралуу маалыматты четке какты. "2011-жылкы президенттик шайлоодо бир тизмеден башка тизмеге массалык киргизүү катталган эмес. Тизме шайлоо күнүнөн 20 күн мурун жарыяланат",- деди Абдраимов.
Мындан кийин депутат Кочкоров: "Эгер жаран бир нече шайлоо аймагынан добуш бере алган болсо, анда биометрикалык маалыматтарды чогултуу кампаниясы жөн эле өткөрүлгөндөй деп эсептелет. Ага канчалаган каражат бөлүнгөн. Шайлоочулардын бирдиктүү базасы керек. Эгер шайлоочу, мисалы, Москвада добуш берсе, ошол база аркылуу сигнал түшүшү зарыл",- деген сунушун айтты.
Айта кетсек, быйыл күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, 2017-жылы президентти шайлоо өтмөкчү.