Бүгүн, 24-февралда Бишкекке "Кумтөр" боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эл аралык консультанттар келишти. Муну
SUPER.KG`ге "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси
Токон Мамытов тастыктады. Анын билдиришинче, азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүдө "Кумтөр" долбоору боюнча юридикалык жана экологиялык маселелер каралууда. Сүйлөшүүгө "Центерранын" башкы юристи
Франк Герберт жана "Центерра" жалдаган эл аралык эксперттер, кыргыз тарап жалдаган эксперттер да катышууда. Мамытов эки тарап натыйжада
тең башкаруудагы биргелешкен ишкана түзүү тууралуу бир чечимге келүүсү зарыл экенин айтты. Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы угулмакчы.