2014-жылы Нарын облусуна 25 миңдей турист келген. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда маалымат жыйынында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди. "Туристтердин саны боюнча былтыркы көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 5-6 миң туристке көп. Көбүнчө Кытай, Англия, Германиянын жарандары көп келишет. Андан сырткары өлкө аймагынан келгендер да арбын. Келген туристтер көбүнчө Таш-Рабат, Соң-Көлгө барышат",- дейт Кайыпов.