Эгемберди Эрматов кыргыз тилин өнүктүрүүнү Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери менен талкуулады

Кыргыз өлкөсүнүн президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов 26-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде болду. Андагы жолугушууда Эрматов тил билим аркылуу өнүгөрүн белгилөө менен мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинин орду чоң экенин билдирди.

"Билим берүү жаатындагы мамлекеттик тилдин абалы жана 2014-2020-жылдардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын аткарылышы жөнүндө талкуу болду. Жыйынтыгында министрликтин кызматкерлеринин өтүнүчү менен аталган программаны иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн атайын жумушчу топ менен жолугушуу уюштуруу белгиленди",- деп билдирет министрлик. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан