Абдырахман Маматалиев "Чүйдө былтыр ар бир үчүнчү кылмыштын бети ачылбаган бойдон калды" деди

Чүй облусунда 2014-жылы ар бир үчүнчү кылмыштын бети ачылбаган бойдон калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 27-февралда Чүй облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, былтыр облуста катталган кылмыштардын 69,4 пайызынын бети ачылган. 
"Облустагы уурулук жана мал уурулук кылмыштарынын дээрлик жарымынын бети ачылган эмес. Уурулар көбүнчө жакыр үй-бүлөлөрдүн малдарын уурдашат, жарандар арасында нааразычылык күч. Жогоруда аталган сандар кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана кылмыштын алдын алууга керектүү кадамдар жасалбай жатканын көрсөтөт. Ички иштер министрлиги Чүй облустук ички иштер органдарынын иш жыйынтыгына көңүл буруп, тийиштүү чечимдерди чыгарышы керек",- деди Маматалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан