Алмазбек Атамбаевдин А.Анапияев боюнча билдирүүсүнө Беларусь бийлиги жооп кайтарды

Бүгүн, 27-февралда Беларустун Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Алманбает Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсүнө жооп кайтарды. Билдирүүдө булар айтылат:

"Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин Беларустун дарегине жасаган билдирүүсүнө комментарий берүүгө негиз жок. Мындай эмоционалдуу билдирүү жасоо цивилизациялуу өлкөнүн мамлекет башчысынын деңгээлиндеги нерсе эмес. Кылмыш иштерине эл аралык нормалардын негизинде баа берилиши керек. Бардык заманбап мамлекеттин Конституциясы жана мыйзамдарына ылайык, адамдын күнөөлүү экенин сот далилдемейинче, ал адамды кылмышты жасаган деп эсептөөгө болбойт. Кыргыз жериндеги айрым кылмыш процесстерине көңүл бурсак, бул өлкө адилеттүүлүккө башкача мамиле кылары көрүнөт. Мындай көрүнүш кыргыз мамлекетинин өз жарандарынын укуктарын коргой турганынан, сот адилеттүүлүгүн камсыз кыларынан шек жаратат.

Беларусь Республикасынын тиешелүү түзүмдөрү өз ишин так аткарып, Кыргыз Республикасынын жараны делинген адамдын өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо жана аныктоого бардык керектүү чараларды көрүүдө. Алардын ишине кийлигишүү (анын ичинде чет өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги адамдары тарабынан) туура эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан