"Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго тагылган айып аныкталган жок" деди анын жактоочусу

"Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берерин айтып алдап, алардан 50 миң доллар алган" деп мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго айып тагылган эле. Бакыт Абдыкапаровдун жактоочусу Тимур Жанаев 27-февралда маалымат жыйында ага тагылган айып аныкталбаганын билдирди. Анын айтымында, Абдыкапаров аталган ишканадан эч кимди тааныбай турганын айтууда.

“Бул иш боюнча мен УКМКга кайрылып, Абдыкапаров суракка алынды. Бирок көрсөтмө берип, “Тазалык” ишканасынан эч кимди тааныбасын жана эч кимиси менен иштешпегенин айтты. Тергөө органдары да эч кандай так маалымат жарыялашкан жок”,- дейт Жанаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kypkyrgyzz
2015-02-27 16:44:48
кызыксынар го генпрокурордун куйоосуна каяктагы айып тагылмак еле
0
mr.juma
2015-02-27 16:51:21
ээй адвокат ушул да созбу. уятко .ууру тойгончо жеп олгончо актанат.кылган адам тааныштыгын танса эле акталып кетеби.ушул кантип болсун .болгонун же болбогонун далилдеп туруп анан айтып чыкпайсынарбы. тааныбаймын десе эле акталып тааныса соттолушу керекпи.бизде нормальный следактар калган эмеспи.эмне алар унчукпайт .силер эмнеге далилдебей туруп элге чыгасынар? бул кылганынар жумшак айтканда тергоо иштерине басым корсотуу болуп саналат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан