"Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" дейт ишкананын жактоочусу

Бүгүн, 27-февралда эшек союучу жай табылган Ак-Жол айылында ишкананын ишмердүүлүгүнө каршы митинг болуп өттү. "Эшек союучу ишканага кылмыш иши козголгон эмес" деген оюн айтты SUPER.KG порталына "Кайтал" акционердик коомунун жактоочусу Жаныбек Долбаев
"Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Финансылык полициядан билдиришкендей, иликтөө күч органдарына түшкөн анонимдик билдирүүнүн негизинде жүрүп жатат. Бүгүн эшек союучу жай жайгашкан Ак-Жол айылында 70тей адамдын катышуусундагы митинг болуп өттү. Анда айрым жарандар аталган ишкана алардын эшектерин уурдаганын айтып чыгышты. Бирок мен жактоочу катары союлган ар бир эшекке таандык документтер бар экенин айтып кетейин. Айта кетчү нерсе, союлган эшектердин эттери өлкө аймагына тараган эмес. Бул окуяга байланыштуу учурда кафе, тамактануучу жайлардын ээлеринен нааразычылыктарды угуп жатабыз. Бүгүнкү митингге чыккандардын баары эшектер союлуучу жайга киргизилип, ишкананын ичи толугу менен көрсөтүлдү. Ооба, эгер аларга бул ишкананын ичинде эмне болуп жаткандыгын билгиси келсе, көрүүгө укуктуу. Учурда бул ишкана тиешелүү мекемелер тарабынан текшерилүүдө. Жакын арада баары белгилүү болот",- деди Ж.Долбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
vanga_78
2015-02-27 20:22:38
Улуу тоого чыккан барбы, улар этин жеген барбы демекчи, эми Бишкек жака барган барбы? Эшек этин жеген барбы? Болгон созду айтайын дейсин...........

+3
killer-star
2015-02-27 20:25:43
Кайдагы документ?бет деген калбаптыр буларда.Элди ушунчалык акылсыз ойлойсунбу???арбир ешектин документи бар деп?а Эгер жок болсочу?эшекте кайдагы документ?акылга сыйгыс нерсе.булар майлоочу жерлерди майлап коюп озуна кылгенди оттоп атат жооп керчиликтен коркпой
+1
aiko_87
2015-02-27 20:51:27
эй ак уйдо олтурган атка минээрлер эшек союлуп жатканына да Бакиевдер куноолуубу? Неге Бакиевдер куноолуу деп айтып чыкпай жатасынар тан калып жатам. АША укпаган окшойт эшектерди укканда сразу эле Курманбек Бакиев куноолуу деп интервью берип уялбай телеге чыкмак
+2
Kunnur
2015-02-27 21:56:12
ошол эшек союлган жерди ачыкка чыгарган кабарчы кызга данк медаль берсе да жарашат.
+3
alas
2015-02-28 02:51:43
Kunnur, биздин приздентер качаан олгондо берет же мактап баркына жетет
0
Bakulya79
2015-02-27 23:20:56
Жактаган адвокатка эшектин этин жедиртиш керек.эгер жакшы болсо элге уялбай азыркыдай жарыя кылыш керек.бети жок бетбак.бала-чакандын бетин кантип карап жатасын.эл-журттан уялсан боло.
0
Aysuluuwa
2015-02-27 23:23:53
Тууууй атта былжыраган бирөө экен да! Эшек сойгондорду жактаган адвокат атка конуп, кантип гана жашайсыз эми?
+1
Sadyrov_n93
2015-02-28 00:41:51
Озу да ХХХ ХХХ ХХХ...
+1
admin_portal
2015-03-02 11:37:50
Sadyrov_n93 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.
0
Aizat9393
2015-02-28 09:38:07
эми бул уят,биз кыргыздар кай жака бара жатабыз,ушул эшек саткан ишканага жактоочу болбосонузда жашоонуз отмок,бул эшектер кайжака кетти анан?эч жака экспорттолбосо же бир шаарга таратылбаса??болбогон калпты айтпагыла?!мен ушул суйлоп жаткан ошол жерде иштеген адамдардын мусульман экенинеда кумон санап кеттим кудай озу кечирсин.
+1
kuba.kq8705
2015-02-28 10:02:49
advokatyn kowup kamaw kerek bulardy
0
ere
2015-02-28 10:45:05
биз кайда баратабыз
0
maks94.kb
2015-02-28 11:26:35
Уят болуп бутукго дуйного эми мынтип олтургандары эмнеси аллаха жакбаган ишти кылып буларда жазасыз калышат окшойт бир болсо
0
misha00
2015-02-28 14:33:17
эшек сойорлор биздин айылда аябай бака коп калганын озунор билесинер эмне кылышты
0
ramawka28
2015-02-28 15:05:10
кайдагы ким берген документти айтып жатат мобу киши.
+2
mers8
2015-02-28 20:40:45
Эшктердин адвакаты болуп калабы ошондо
0
Bolya8892
2015-03-01 03:30:14
Бул да болсо креслодо отургандардын бизнеси болсо керек. эшектердин документи бар деп актанышына караганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан