Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 27-февралда Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн айыптаган Беларустун Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө жооп кайтарды. ТИМ Беларусь бийлигинин билдирүүсүндө орунсуз сөздөр айтылганын белгилейт.
"Беларусь Тышкы иштер министрлигинин 27-февралдагы билдирүүсү Беларустун расмий органдарынын кандай гана жол менен болбосун кыргыз өлкөсүндө өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгон кылмышкерлерди, анын ичинде Жаныш Бакиевди калкалап, коргоп калуу ниетин дагы бир жолу тастыктап турат. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кайрадан белгилөөгө муктаж: расмий Минск кыргыз криминалын Беларустун аймагында жаап-жашыруу көйгөйүн аралаштырбашы керек.
Беларусь тараптын "мамлекеттин цивилизациялуулугу", "өз жарандарынын укуктарын коргоо", "акыйкат соттук коргоо" жана "сот акыйкаттыгына өзгөчөлүк мамиле" деген шилтемелери да орунсуз угулат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 26-февралдагы билдирүүсүндө Беларусь тараптын эл аралык милдеттенмелерди аткарбагандыгына тынчсыздануусу айтылган. Билдирүү Беларустун дарегине кемсинтүүнү камтыбайт. Тескерисинче, конструктивдүү кызматташууга, анын ичинде кылмышкерлерди, башка издөөгө алынган адамдарды берүүгө үмүт артуу менен беларусь элине жана тарыхына урматтоо жазылган. КРнын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттерди аткарышы керектигин белгилейт жана беларусь тарапты биздин өнөктөш мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү диалогго чакырат",- деп билдирет кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги.
Эскерте кетсек, 26-февралда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев А.Анапияевдин өлүмү боюнча Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүн айыптап, "Беларусь бийлиги аларды кыргыз өлкөсүнө кайтарып бериши керек" деп билдирүү жасаган. Бүгүн, 27-февралда Беларусь өкмөтү Атамбаевдин билдирүүсүн айыптап, "сот чечими чыга электе кыргыз президентинин эмоционалдуу билдирүү жасаганы орунсуз" деген маанайда жооп кайтарды.