Алмазбек Атамбаев жарандарды апрель-июнда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлерин жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2015-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде "Коргоо жана КРнын Куралдуу күчтөрү жөнүндө" мыйзамдын 11-беренесинин 16-пунктуна жана "КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамдын 15, 17, 31-беренелерине ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматкерлери жана альтернативдик кызматтын кызматкерлери КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2015-жылдын апрель-июнунда КРнын Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.

Өкмөт мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматкерлерин, альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоого тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан