Вице-премьер-министр Валерий Диль 27-февралда Кара-Балта тоо-кен комбинатында жыйын өткөрүп, ишкананын келечегин тийиштүү органдардын өкүлдөрү, инвесторлор менен талкуулады. Жыйындын катышуучулары башкы максат комбинатты импорттолгон жана жергиликтүү чийки зат менен камсыздоо экенин айтышты. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйынтыгында Геология жана минералдык ресурстар агенттигине, Экономика министрлигине жана "Кыргыз алтын" ишканасына протоколдук тапшырмалар берилди. Мындан тышкары тийиштүү органдарга Кара-Балта шаарынын экологиясына кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын коопсуздугуна кам көрүү милдети жүктөлдү.