Балыкчы шаарындагы ооруканада өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 27-февраль күнү катталган. Анда аймактык ооруканадагы от жагуучу жайдан өрт чыгып, анын кесепетинен электр калканы күйүп кеткен. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.