Талас шаарында экстремизмге шектелген жарандын үйү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда 1981-жылы туулган Н.А. аттуу жарандын үйүнөн диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынган. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Анын негизинде кылмыш ишин козгоо чарасы каралат.