2015-жылдын январь айында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө сарпталган чыгымдар 4 миллиард 111 миллион 900 миң сомду түздү. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилиндегиге салыштырмалуу 313 миллион 200 миң сомго көп. Муну 28-февралда Каржы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда:
социалдык коргоого – 1 миллиард 961 миллион 100 миң сом;
билим берүүгө – 1 миллиард 238 миллион сом;
саламаттыкты сактоого – 786 миллион 500 миң сом;
эс алуу, маданият жана дин тармагына – 126 миллион 300 миң сом жумшалган.