Индира Жолдубаева негизсиз кылмыштык куугунтуктоолордун алдын алуу зарылдыгын айтты

27-февралда 2014-жылы жасалган иштеринин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Отурумда прокуратура органдарынын ишинин сапатын жогорулатуу, анын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана прокуратура кызматкерлеринин кесиптик деңгээли жөнүндө маселелер каралды. Башкы прокурор Индира Жолдубаева көңүл бурууну күчөтүүнү талап кылган негизги көйгөйлөргө токтолду. Башкы прокурор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү тартипке келтирүү жана эффективдүүлүктү жогорулатуу, негизсиз кылмыштык куугунтуктоолорду, ишкерлерге карата ыкчам иликтөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүнү алдын алуу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгын, ошондой эле жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча прокуратура органдарынын ишин координациялоо керектигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан