Мамлекеттик салык кызматына 2014-жылы 15 миңден ашуун документ келип түшкөн. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жогорку мамлекеттик органдардан 1684 документ, министрлик жана мекемелерден 4541 документ, ишкана, уюмдардан 2704 документ, аймактык салык органдарынан 5961 документ келип түшкөн.
"Мындан тышкары былтыр жарандардан 187 кайрылуу келген. Мунун ичинен 8 кайрылуу салык кызматкерлеринин туура эмес иштерине байланыштуу болгон. Бул даттануулар боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, күнөөлүү кызматкерлерге тийиштүү чаралар көрүлдү",- деп билдирди мекеме.