Бүгүн, 1-мартта коңшу Тажикстан өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгында тажик парламентинин Төмөнкү палатасына 63 депутат шайланат. Анын 41и бир мандаттуу шайлоо округдарынан, ал эми 22си партиялык тизме боюнча тандалат. Жалпысынан мандат үчүн 280ден ашык талапкер ат салышууда.
Айта кетсек, тажик парламенти эки палатадан турат. Жогорку палатага шайлоо 27-мартта өтөт. Бул палатанын 8 мүчөсү президент тарабынан, 25и кыйыр шайлоолор аркылуу тандалат.