Тажикстанда 1-мартта парламенттин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өттү. Маалыматтарга таянсак, шайлоо чөлкөмдөрү саат 20:00дө жабылды. Саат 18:00дөгү маалымат боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 84,1 пайызы же 3 миллион 515 миң шайлоочу катышты.
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат башчысы Абдуманнон Додозоданын билдиришинче, шайлоонун акыркы жыйынтыктары бүгүн брифинг учурунда жарыяланат. БШК шайлоо демократиялык нукта ачык жана таза өткөнүн билдирди. Парламенттин Төмөнкү палатасына 63 депутат шайланат: 41и бир мандаттуу округдардан, 22си партиялык тизме боюнча.