Каржы министрлиги 5 мамлекеттик органдын тийиштүү адистерине пилоттук аудиттерди жүргүзүү боюнча жардам көрсөттү. Министрликтин билдиришинче, мамлекеттик органдардын ички аудит кызматтарынын кызматкерлери башкаруу, операциялык жана каржы системдери боюнча пилоттук аудиттердин жүргүзүлүшү тууралуу маалымат алышты. Жардам алган органдар:
- Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
- Мамлекеттик бажы кызматы;
- Каржы министрлиги;
- Социалдык өнүгүү министрлиги.
"Мындан тышкары жогоруда көрсөтүлгөн пилоттук аудиттер менен катар ошол министрликтердин жана ведомстволордун стратегиялык жана жылдык пландарына саресеп салынып, атайын долбоордун алкагында тартылган эл аралык консультант тарабынан баалоо тобокелдиктеринин негизинде отчётторду түзүүдө консультациялык жардам көрсөтүлдү",- деп билдирет мекеме.