Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу жайлардын ректорлоруна окуу жайлардын юридикалык тарап статусуна ээ бөлүмдөрүн жабууну баштоо тапшырмасын берди. Министрликтин билдиришинче, мындай талап Коргоо кеңешинин коррупцияны жоюу сунуштарын аткаруунун негизинде коюлууда.
"Быйыл бардык мамлекеттик ЖОЖдордо ишинин сапатын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир окуу жайда бир гана юридикалык жак болушу керек. Бардык юридикалык жактарды ачууга мындан ары зарылчылык жок, ректорлордун бул жаатта иш жүргүзүүсүнө мезгил келди. Бул кадам өкмөттүн чечими менен кабыл алынган мамлекеттик ЖОЖдорду уюштуруу жана башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча концепциянын талаптарына жооп берет",- деди Сариева.