Көчөгө таштанды ыргыткандарга айып пулду көбөйтүү демилгесин тиешелүү комитет 2-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 2-мартта "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун жактырды. Долбоорго ылайык, таштандыларды урналарга таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пул көтөрүлмөкчү. Айып пулдун көлөмү кызмат адамдарына эки эсе жогорулатылат.

Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, калдыктарды көчөлөргө таштагандыгы үчүн айып акыларды киргизүү көпчүлүк өлкөлөрдө иштеп жатат. "Бул практика кеңири жайылтылган, анткени бир жагынан бул жарандарды кыйла маданияттуу кылат, себеби алардын чөнтөгүнө “кол салат”, ал эми башка жагынан бюджетти толтуруунун натыйжалуу каражаты болуп саналат",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан