Депутаттар эшектер союлган сарай боюнча видеорепортажды көрүштү
Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Ак-Жол айылында эшектер союлган сарай боюнча видеорепортажды көрүштү. Депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, мындай көйгөйлөрдү ачыкка чыгаруу ар бир журналисттин негизги милдеттеринин бири. "Айрым чиновниктердин өздөрүн ашыкча кыйын сезишерин дагы бир жолу көрдүк. Бизге карата коркутуулар болду, бизди сотко берүүгө ниеттенип жатышат. Бирок жалпы кыргыз эли бизди колдой турганына ишенебиз",- деди материалды даярдаган кабарчы.