Бүгүн, 2-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында эшек этине байланышкан чуулуу окуя талкууланууда. Депутат Талант Узакбаевдин Советтер Союзу убагында эшектерди союуга тыюу салынганын эскерет. "Эшектин этине байланыштуу маселе кыргыз элин коңшу элдерге абдан уят кылды. Илгертен бери кыргыз эли эшектин этин тамак-ашка колдонбойт. Ачка калган кездерде да эшектин этин жебей өлүшкөн. Эми казак же өзбек элине кантип көрүнөбүз? Намысыбыз тепселенди. Бул моралдык-этикалык зыян. ИИМ тарабынан тиешелүү тарапка кылмыш иши козголушу керек. Эшек эттеринен алыс болгон тамактануучу жайлар жана эт сатуу менен алектенген жеке ишкерлер материалдык жактан жапа чегишүүдө. Алар эттерин сата албай отурушат.
Ал эми эшектер союлган жайдын ээси "эт Гонконгго жөнөтүлөт" дейт. Анда "мыйзамсыз коммерция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгосо болот. Ветеринардык инспекция эч кандай текшерүүлөрдү жүргүзбөгөндүгү үчүн чара көрүү керек",- дейт депутат.