Жаштардын эмгек биржасына 2014-жылы түрдүү маселелер боюнча 10 702 жаран кайрылган

Жаштардын эмгек биржасына 2014-жылы түрдүү маселелер боюнча 10 702 жаран кайрылган. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин билдиришинче, кайрылган жарандардын 5714ү айымдар болсо, 1428ин өспүрүмдөр түздү. Жарандарга кеп-кеңештер берилип, жыйынтыгында 5882 жаран ишке орноштурулган (3215и айым, 818 өспүрүм курактагы жаран).   
Жаштардын эмгек биржасынын кызматкерлери 1550 мекеме, ишканаларга барышып, бош кызмат орундары тууралуу маалымат алышканы айтылды. "Жыйынтыгында жумушсуз жарандар үчүн 3700 бош орун табылды. Биржа ай сайын "Бош кызмат орундар жарманкесин" уюштурууда. Жарманкеге 2014-жылы 4065 адам катышып, анын 3392си жумуштарга жиберилген. Ыкчам түрдө 612 адам ишке киргизилген",- деп билдирет министрлик.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан