Бишкекке 3-мартта Татарстандын президенти Рустам Минниханов келет. Экономика министрлигинин билдиришинче, президенттин иш сапарынын алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргыз Республикасы - Татарстан" аттуу ишкерлер форуму өтмөкчү. Форумдун максаты - өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жана бекемдөө. Иш-чарага премьер-министр Жоомарт Оторбаев, бардык тармактык министрликтердин башчылары жана Татарстандын ири ишканаларынын өкүлдөрү катышары айтылды.