Бишкек менен Оштун мекемелерин видеокамера орнотууга милдеттендирүүчү мыйзамга президент кол коюудан баш тартты

Бишкек жана Ош шаарларынын бардык мекемелери менен ишканаларын видеобайкоо жабдууларын орнотууга милдеттендире турган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев каршы пикир билдирип, кол коюудан баш тартты. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жана “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алган эле. 

Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланыла турганы айтылган. Аларды орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланмакчы болгон. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат. Парламенттен билдиришкендей, каршы пикири менен артка кайтарылган бул мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралганы жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан