Мамлекет башкы Алмазбек Атамбаев 4-мартта "Кыргыз Республикасы менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзамга кол койду. Эки өлкө ортосундагы экономика, соода, техника тармагындагы: өндүрүш, энергетика, айыл чарбасы, коммуникация, транспорт, курулуш, туризм боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган документти 2015-жылдын 5-февралында парламент кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Катар мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине бул макулдашуунун күчүнө киришине зарыл болгон бардык ички мамлекеттик процедураларды кыргыз тараптын аткарганын кабарлоо тапшырмасы берилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.