Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун "Нагоя протоколуна" кошулуусу тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун "Нагоя протоколуна" кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысына депонирлесин деген милдет тагылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.