Кыргыз мамлекетинде дизель майынын баасы көтөрүлүүдө. Бул тууралуу 4-мартта өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, өлкөнүн бардык аймактарында дизель майы 1 сомго кымбаттады. Бензиндин баалары өзгөрүүсүз калганы айтылды.
"Дизель майынын кымбатташы Орусиянын мунай продукцияларынын дүңүнөн сатуу рыногунда баанын 17-20 пайызга өсүшүнө байланыштуу. Мындан тышкары жазгы талаа иштеринин башталышы жана соляркага суроо-талаптын жогорулашы да буга түрткү болууда",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, Бишкекте дизель майынын 1 литри 34 сом 50 тыйындан сатылууда.