Кызматкерлерди кызматтан мыйзамсыз кетирген жетекчилердин "кара тизмеси" түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов билдирди. Анын айтымында, аталган тизмеде мурунку жана учурдагы мамлекеттик жетекчилер бар. "Тизмеге мурунку каржы министри Акылбек Жапаров,ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек Рысалиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев жана облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери киргизилген",- деди Фаттахов.