Депутаттар чакырышты, бирок чиновник Аалы Карашев парламентке келүүдөн баш тартты
Аалы Карашев
Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев парламенттин 4-марттагы жыйынына келүүдөн баш тартып, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын талкуулоо токтотулду. Жыйында депутаттар олуттуу маселе каралып жатканда парламентке мамлекеттик органдардын башчыларынын орун басарлары эмес, жетекчилер келиши керектигин айтышты. Сунушту колдогон спикер Асылбек Жээнбеков: "Эгер комитет парламент жыйынына жетекчини чакырса, анда жетекчи келүүгө милдеттүү. Орун басарын жиберип коюуга аларга эч ким укук берген эмес. Аалы Карашев жыйынга келсин, келбесе маселени кароо токтотулат",- деп билдирди. Карашев жыйынга чакырылганы айтылган, бирок кыска танапистен кийин анын келбегени белгилүү болду. Мындан улам маселени талкуулоо токтотулду.