Кыргыз мамлекетине иш сапары менен келген Татарстандын президенти Рустам Минниханов бүгүн, 4-мартта Бишкек эркин экономикалык аймагына барды. Аны коштоп барган вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкек ЭЭАдагы ишкердиктин өзгөчөлүктөрү, салык, бажы жеңилдиктери тууралуу маалымат берди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Диль өлкөнүн Бажы союзуна кошулуусу алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.
Тараптар борбор шаардагы маданий жайларда, анын ичинде Мамлекеттик тарых музейинде болушту.