Өкмөттө бүгүн, 4-мартта кыргыз мамлекетинин Бажы союзуна киришине байланыштуу пландардын аткарылышы талкууланды. Министрлик, мекемелердин башчыларынын маалыматынан кийин вице-премьер-министр Валерий Диль бул олуттуу маселеде ар бир жетекчинин жоопкерчилиги күчтүү экенин айтты.
"Алдыга жылыштар болуп жатат, бирок процессти артка тартып жаткан элемент дагы бар, бул - каржылоо маселеси. Бул жолугушуунун жыйынтыгынан кийин мен "Пландарды өз мөөнөтүндө аткара алабызбы?" деген суроого жооп тапкым келет. Эгер кимдир бирөө объективдүү себептерден улам тигил же бул ишти аткарууга мүмкүн эместигин көрсө, анда эртерээк негиздүү маалымат даярдасын. Анткени акырында келип оор кырдаалга туш болбойлу",- деди Диль.
Вице-премьер өкмөт өкүлдөрүнө мамлекет башчынын "кыргыз өлкөсү 2015-жылдын 1-майында Бажы биримдигине расмий түрдө кошулушу керек" деген сөзүн эскертип, кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бардык резервди колдонуу менен ишти сапаттуу бүтүрүү тапшырмасын берди.