Окшош мыйзам долбоорлору сунушталып калганда аларды бириктирүү нормасын иштетүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин билдиришинче, долбоордун маңызы мындай: 

Мыйзам долбоорунун концепциясы окшош (атаандаш) мыйзам долбоорлорунда бир убакытта маңыздуу жоболору бар болгондугуна карабай, "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 51-беренесинин 5-бөлүгүндө аларды бириктирүү мүмкүнчүлүгү каралбагандыгына негизделген. Сунушталган түзөтүүлөр менен Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин мыйзам чыгаруу жумушун, окшош мыйзам долбоорлорунун маанилүү ченемдик компоненттеринин бар болгонуна жараша бир мыйзам долбооруна бириктирүү менен жеңилдетүү жагы каралууда. 

Мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан