“Кумтөрдөгү” калдык сактоочу жайда 75 тонна алтын бар, бул кийин кыргыз мамлекетине берилет" дейт депутат Узакбаев

"Кен казуу иштери айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет, биздин милдет – экологияга болгон зыяндарды минималдаштыруу жана экологиялык тобокелчиликтердин алдын алуу". Мындай пикирди депутат Талант Узакбаев 3-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин "Кумтөр" кенинде өткөн көчмө жыйынында билдирди.

“Кумтөр" кенин иштетүүдө транспорт каражаттарынын тынбай катташынан улам абанын ашыкча чаңдашы чоң көйгөйгө айланууда. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы малчылар бул көйгөйдү бир нече жолу көтөрүп, жайыттарга зыян келип жатканын айтып чыгышкан. Бүгүнкү күндө кенди иштеткен ишкананын жетекчилиги Сары-Мойнок ашуусунан "Кумтөр" кенине чейинки аралыктагы бул көйгөйдү чечүүгө убада берди”,- дейт Узакбаев.

Депутат Давыдов мөңгүсүн, Петров көлүн сактап калууга аракет жүрүп жатканын кошумчалап, “Кен иштетүүдөн чыккан таштандыларды сактоочу жайда талаптар сакталган. Мында 75 тонна алтын бар. Кийин бул алтындар кыргыз мамлекетине берилет” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан