Чүй облусунда жергиликтүү бюджеттин кирешесин 2015-жылы 100 миллион сомго көбөйтүү пландалууда. Маалымат өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаевдин 2015-жылкы иш планында көрсөтүлгөн. Облуста быйыл 2 миңдей жаңы иш орундарын түзүү максаты коюлган. Мындан тышкары 2015-жылдын планында төмөнкүлөр бар:Кемин районундагы "Матыев" цемент заводун ишке киргизүү. Жылына 1200 тонна цемент өндүрүүгө жөндөмдүү бул ишкананы 2015-жылдын 1-октябрына чейин иштетип баштоо күтүлүүдө.
Кемин районундагы "Алтын-Кен" ишканасын ишке киргизүү. Бул ишкана 1000дей адамды иш менен камсыздамакчы.