Өкмөттө кыргыз мамлекетинин тышкы карызы талкууланды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 4-мартта өлкөдөгү инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Жыйында кыргыз мамлекетинин тышкы карызы талкууланды. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында Оторбаев акыркы жылдары тышкы карыздын өсүп жатканын белгилеп, "2014-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттин тышкы карызынын суммасы ички дүң продукциянын 50,9 пайызын түздү",- деп билдирди. Талкуу жыйынтыгында дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен 2 ай ичинде тышкы карыз боюнча деталдуу анализ даярдап Координациялык кеңешке сунуштоо тапшырмасы Каржы министрлиги менен Экономика министрлигине берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан