Чүй облусунун Москва районунда чоң атасынын ур-токмогуна кабылган бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Акыйкатчы институтунун балдар жана жаштардын укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов билдирди.
Анын айтымында, 4,5 жаштагы Умар ооруканада тиешелүү текшерүүлөрдөн өтөт. Ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, аны калыбына келтирүү иштери да жүрөт. Ал эми Умардын инисинин өлүмү боюнча иш кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү.
Айта кетсек, буга чейин Умардын таенеси акыйкатчыга кайрылып, эки жээн небереси чоң атасы тарабынан ур-токмокко алынганын, анын кесепетинен Умар сүйлөй албай, иниси чарчап калганын айткан.