Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиевди коррупция боюнча жоопкерчиликке тартууну талап кылышты

Бүгүн, 5-мартта парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын айланасындагы ызы-чууга байланыштуу бул дирекциянын мурунку жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Депутаттын айтымында, аталган дирекциянын жабылып калышы туура эмес болгон. "Учурда 700гө жакын батир окуядан жабыркагандарга берилбей турат. Буга коррупция себеп экени көрүнүп турат. Башкы прокуратура болгону 15 миң сом үчүн депутатка карата кылмыш ишин козгоп жатат, ал эми дирекция боюнча иш жок. Мактаган Аида Саляноваңар (мурунку башкы прокурор - ред.) эмнегедир буга көңүл бурган эмес. Бул да табышмак. Жантөрө Сатыбалдиев жоопкерчиликке тартылышы керек. Эгер жоопко тарта албасак, анда дирекцияны калыбына келтирели, ишти аягына чейин чыгарсын",- деди Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан