"2010-жылдагы Июнь окуясы учурунда жергиликтүү тургундар эс алуу жайларын талап-тоноодон сактап калгандыктан, алардын жетекчилери тосмолорду алып салууга убада беришкен эле. Бирок ал убада ушул кезге чейин аткарылган жок. Ошондуктан жергиликтүү тургундар мыйзам аткарылбай турган болсо, көл жээгиндеги тосмолорду өздөрү алып сала тургандыктарын билдиришти. Өкмөт бул маселени чечүү багытында шашылыш чараларды көрүүгө тийиш",- деди Тербишалиев.