Милицияга Чүй облусунун Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, Адилет аттуу анча тааныш эмес жаран Фольксваген Гольф 3 унаасын айдай качканын айткан. Арызда унааны айдап качкан жаран жол кырсыгына кабылганы жазылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, арыз түшкөн соң иликтөө иштери башталып, 19 жаштагы А.А. колго түшкөн. Учурда иликтөөлөр уланууда.