Жалал-Абад облусунда 11-марттан 18-мартка чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында мыйзамсыз сакталган 4 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта аталган облустун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты жарандардын колундагы мыйзамдуу ок атуучу куралдардын сакталышын көзөмөлдөө, жарылуучу заттар сакталган кампаларды текшерүү, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды алуу болуп эсептелет. Рейд учурунда 4 даана мыйзамсыз сакталган курал, 1 даана жарылуучу зат, 2 даана травматикалык тапанча алынган.